Италиялык ырчы жана композитор Тото Кутуньо 74 жашка толду. Ал 1943-жылы 7-июлда Италиянын Тоскана аймагындагы Масса-Каррара облусунда жайгашкан Фоздиново шаарында жарык дүйнөгө келген.
Адриано Челентано, Жо Дассен, Далида, Ricchi e Poveri сыяктуу аткаруучулар менен кызматташып, атактуулукка өзүнүн "L’italiano" аттуу ыры менен жеткен. Хорватиянын Загреб шаарында өткөн "Евровидение 1990" сынагынын жеңүүчүсү.
Атасы деңиз аскери болуп, трубаны тартып ойногон. Анын артынан Тото Кутуньо да бул аспапты өздөштүрүп, өз алдынча урма аспаптарда жана аккордеондо ойногонду үйрөнгөн. 13 жашында аймактык музыкалык сынакта 3-орунга ээ болгон. 19 жашына чейин Кутуньо жергиликтүү музыкалык топтордо урма аспаптарда ойногон. Андан соң G-Unit ансамбли менен Финляндияга 6 айлык турнеге чыккан. Ал жактан келип өзүнүн "Toto e Tati" тобун негиздеген. Топ менен биргеликте Италияда гастролдорго чыгып, ыр жаза баштаган. 1980-жылы жеке ырчылык менен алектенип, 1983-жылы Сан-Ремодогу сынакта "L’italiano" ыры менен катышкан. Анда 5-орунду алса да, көрүүчүлөрдүн тандоосу боюнча 1-орунду алган. Бул ыры азыркыга чейин популярдуулугун жоготпой келет.
7-июлга карата жылнаама.