Жаңы келишимге ылайык Лионель Месси жумасына эң көп акча тапкан футболчу болуп калышы мүмкүн

Атактуу аргентиналык футболчу Лионель Месси жумасына эң көп акча тапкан футболчу болору айтылууда. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, чабуулчунун "Барселона" футболдук клубу менен түзгөн жаңы келишимине ылайык, ал жумасына 1 миллион 300 миң доллар (болжол менен 90 миллион сом) алмакчы. Жалпысынан бонустарды кошпогондо "Барселона" Мессиге 4 жылдын ичинде 283 миллион 600 миң доллар төлөп берет. Эгерде Лионель Мессиге клуб тарабынан мындай суммадагы акча төлөнсө, ал айлыгы жумасына миллион фунттан ашкан тарыхтагы эң алгачкы футболчу болот.

Белгилей кетсек, 5-июлда Месси "Барселона" менен болгон келишимин 2021-жылга чейин узарткан. Ал эми буга чейинки макулдашуусунун мөөнөтү 2018-жылдын жайында аяктайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
TalaCSKA
2017-07-09 16:31:34
Кунуно 185714 $ Мессинин бир кундук маянасы мага омур бою жетет эле эххх )))
+5
Seryi-Kardinal
2017-07-09 16:31:54
sliwkom kymbat
+3
dastan_nookat
2017-07-09 16:39:52
Мына сага жумасына 90 миллион
+3
Edward.14
2017-07-09 17:36:58
Ойнойт акча берет жыргализм эле ушулардыкы)))
0
Su.Zeyd_89
2017-07-09 18:22:37
Иштебейт э. Ойнойт, эс алат, тринировка кылат анан акча алат. Кыдырат дуйнону каалаган жерине барат. Жумасына 90млн сом бизге 4 спорт зал салынат. Жума сайын 4 спорт залдан салынса 10 айдан кийин президент болмок бизде )))
+4
bek_07
2017-07-09 19:45:35
11 жыл мектепке каттабай футбол ойносом болмок экен ))))
+5
Das151193
2017-07-09 19:51:26
Аллахтын каарына калбагыла. алты санынар аман иштегиле. бир кем дуйно......
+9
Tugolbogdanov
2017-07-09 20:01:34
Футболист болот окшойм.
+2
FCBMESSI
2017-07-09 21:45:43
Эч качан оной акча келбейт футболда анын жумушу жакшы иштейт экен жакшы айлык акы алып атат Месси молодец
+2
jakilik
2017-07-10 04:22:54
Дүйнөдө ушунча акча барбы?
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан