Англиялык актёр Жон Симм 47 жашка толду. Ал 1970-жылы 10-июлда Англиянын Лидс шаарында туулган. Атасы музыкант болгондуктан кичинекей кезинен гитара ойногонду үйрөнгөн. 12 жашынан тарта сахнага чыгып, гитара чертип жүргөн. Кийин музыка аны кызыктырбай турганын түшүнүп, актёрлук кесипке ыктай баштайт.
Жон Симм актёр катары 1992-жылы дебют жасап, кийин “Диана жана мен” , “Кылмыш жана жаза”, "Кутурган иттер" жана башка тасмаларга тартылган. Атактуулукту “Марстагы жашоо” фантастикалык телесериалы алып келген.
Актёр 2004-жылы Кейт Магован аттуу актрисага үйлөнүп, учурда Райан Симм деген уулдун жана Молли Симм аттуу кыздын атасы.
10-июлдун жылнаамасы.