Индиянын Бхубанешвар шаарында 6-9-июль аралыгында жеңил атлетика боюнча өткөн Азия чемпиондугунда Дарья Маслова экинчи алтын медалын жеңип алды. Бул тууралуу жеңил атлетика федерациясынан билдирди.
Маалыматка караганда, кыз-келиндер арасында 10 000 метрге болгон жарышта Дарья Маслова 32 мүнөт 21 секунд жыйынтыгын көрсөтүп алтын медалдын ээси болду. Буга чейин Дарья Маслова 5000 метр аралыктагы жарышта алтын медалга ээ болгон.
Кошумчалай кетсек, эркектер арасындагы 10 000 метрге болгон жарышта Адилет Кыштакбеков 30 мүнөт 6 секунд жыйынтыгы менен коло медалдын ээси болду.
Эске салсак, Азербайжанда өткөн Ислам тилектештик оюндарында Дарья Маслова коло медалдын ээси болгон.