Башкы прокуратуранын күйүп кеткен имаратын оңдоого кайрадан тендер жарыяланды

Башкы прокуратуранын 2010-жылкы Элдик революцияда күйүп кеткен имаратын оӊдоого кайрадан тендер жарыяланды. Мамлекеттик сатып алуулар порталына илинген маалыматка ылайык, имаратты капиталдык оӊдоодон өткөрүүгө Бишкек мэриясы 120 миллион сом бөлүүгө даяр. Тендерди Бишкек мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы өткөрүүдө. Катышуучулардын арыздары 2017-жылдын 28-июлуна чейин кабыл алынат.

Быйыл да апрель айында тендер жарыяланып, имаратты оңдоо үчүн 7 компания арыз берген. Бирок анын ичинен 2 компания тендердин талаптарына жооп бербесе, 5 компаниянын көрсөткөн сметалык баасы мэрия сунуштаган баага туура келген эмес. Мындан улам тендер артка кайтарылып, кайрадан жарыяланды.

Белгилей кетсек, аталган имарат Киев жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. 2010-жылдын 7-апрелинде өрттөлүп, ичиндеги документтер кошо күйүп кеткен.

Ал эми имарат сүрдүрүүлөрүн, ордуна бизнес-борбор куруу сунуштары түшүп жатканын 2015-жылы Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматов билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан