12-июлда саат 15:00дө SUPER.KG порталынын түз эфиринде белгилүү ырчы Нурмат Садыров күйөрмандарынын суроолоруна жооп берет

12-июль күнү саат 15:00дө SUPER.KG порталынын түз эфиринде белгилүү ырчы Нурмат Садыров конокто болуп, окурмандарыбыздын суроолоруна жооп бермекчи. Күйөрмандар кызыктырган суроолорун узатышып, анын жообун ырчынын өз оозунан угуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Ошондой эле оригиналдуу суроо жөнөткөн окурмандарга белектер ыйгарылмакчы. Белгилей кетсек, жиберилген суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт.

Суроолор +996 557 75 63 63 WhatsApp номери аркылуу кабыл алынат. Ошондой эле түз эфир жүрүп жаткан учурда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып дагы жооп алсаңыздар болот.

Нурмат Садыров 12-июлда саат 15:00дө SUPER.KG'нин түз эфиринде
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Alibay
2017-07-12 09:44:52
Эмне Нурматка ээч кимдин суроосу жокпу...
1)Нурмат ,ырчы кыздар менен мамиле кургансынбы?
2)Туштуктуксунбу же Тундуктуксунбу?
3)Шоу бизнесте кимди озуно атаандаш коросун?
0
Arti
2017-07-12 10:58:42
Салам, Нурмат! Торгоюмдагы кыз менен Нурлан насип тааныштырган дейт. Ал Асел менен урушуп жургонду кыз-жигит болуп суйлошуп журуп, анан сенин килбинер тартырган деген чынбы?

2. Коп эле тойлорго барасын кандай материалдык байлык топтой алдын?

3. Ачуу келгенде кандай адамсын? Муштум менен проблема чечип коргонсунбу?

4. Казак ырчысы Төрөгали менен концерт бердин. Бул жакшы денизчи. Пияр учун кандай жолдорго бардын эле?
0
Nuriza.kubatova
2017-07-12 13:06:53
урматтуу супер инфо Данияр эрматовду чакыргылачы сураныч,
0
admin_superstan
2017-07-12 14:53:29
Nuriza.kubatova, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, эске алабыз.
+1
baianbaiaman
2017-07-12 14:15:53
Саламатсыздарбы! Нурмат сизди менин балдарым аябай жакшы корот Торгоюм деп эркелетишип, балалык кездеги кызыктуу окуяндан айтып бербейсинби.
2)Кыргызстанда кыргыз оруска орусча суйлойт, орус кыргызга орусча суйлойт эмнеге?

0
baianbaiaman
2017-07-12 14:22:11
Нурмат сизге такыр бериле элек суроо болду беле жана Кыргызстанды онуктуруу учун эмнеден башташыбыз керек деп ойлойсун
0
monok2001
2017-07-12 15:02:12
Качан уйлоноюн деген оюн бар брат
0
baianbaiaman
2017-07-12 15:18:21
супер.кж биздин суроолор окулабы?
0
admin_superstan
2017-07-12 16:42:20
baianbaiaman, саламатсызбы? Жиберилген суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан