9-июлда саат 11:28де "Кумтөр" кен ишканасына жүк жеткирүүчү күнүмдүк конвойду аткаруу учурунда, күйүүчү май жүктөлгөн автоцистерналардын бири коопсуздук бермасын сүзүп алды. Ала-салынып кеткен цистерна технологиялык трассадан кууш, түздөк жерге чыгып калган жана ал жерге жети тоннадай дизелдик май төгүлгөн. Кандайдыр бир суу булагына аралашуу болгон жок, анткени күйүүчү майдын төгүлүүсү чектелген жер тилкеге гана жайылган.
Өзгөчө кырдаалдар учурундагы аракеттердин бекитилген планына ылайык, окуя болгон жерге дароо авариялык бригада барып, кырдаал боюнча Кыргыз Республикасынын бийлик органдарына маалымдалган.
Жеңил жаракат алган айдоочу жергиликтүү ооруканага жеткирилген.
Ошол эле күнү булганган жер тилкеси толук тазаланган.
"Кумтөр" кен ишканасы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен окуянын иликтөөсү бүткөнчө тыгыз кызматташууну улантууда.