Жеңил салмактагы UFC уюмунун чемпиону бразилиялык Аманда Нуньес, "UFC 213" алкагында Валентина Шевченко менен болгон беттешке эмне үчүн чыкпай калганын түшүндүрдү. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Ал гаймориттин түрү өнөкөт синусит менен ооруй турганын билдирген. "Баары менин түшүндүрмөмдү угууну каалайт. Мен өнөкөт синунсит оорусу менен ооруйм. Мурда аны менен күрөшө алчумун, бирок азыр андай болбой калды. Салмакты түшүрүү убагында мен дем ала албай, өзүмдү начар сезип, беттештен баш тарттым. Салмакты өлчөө аземинен соң ооруканага жеткирилдим. Дарыгерлер канымды жана организмдеги суунун деңгээлин текшерип, мени беттешке даяр деген чечимин чыгарышты. Бир күндөн кийин кайра барганда, мага компьютердик томография жасап, мурдумда эт өсүп чыкканы белгилүү болду. Мен буга чейин мелдештерден баш тарткан эмесмин. Бардык күйөрмандарымдан кечирим сурайм. Беттеш кайрадан болот, мен дагы эле ушул беттешти жана ушул атаандашым менен өткөрүүнү каалайм", - деп жазат Аманда Нуньес.