Кечээ, 9-июлда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында Ак-Суу районунун тургуну, 46 жаштагы эркек киши дайынсыз жоголуп, бүгүн анын жансыз денеси суудан табылганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен тастыкташты.
Маалыматка ылайык, кечээ кечке жуук көл жээгинде эркек кишинин дайынсыз жоголуп кеткендиги тууралуу куткаруу кызматына маалымат түшүп, издөө иштери жүргүзүлгөн. Бирок аба ырайына байланыштуу издөө аракеттери токтотулуп, бүгүн, 10-июлда таңкы саат 5:30да улантылып, 6:30да 4 куткаруучу тарабынан жоголгон кишинин жансыз денеси суудан табылган. Каза болгон жаран Ак-Суу районунун 1971-жылы туулган М.Н. аттуу тургуну экени белгилүү болду.