Аксы жана Токтогул райондорунда сууга аккан жарандардын денелери табыла элек

4-июль күнү саат 16:00 чамасында Жаңы-Жол айыл аймагындагы Караган-Сай айылында 1984-жылы туулган эркек адам (1-группадагы майып) Кара-Суу дарыясына агып кеткен. Аны издөө иштеринен натыйжа болбогондуктан жакындарынын ыраазычылыгы менен куткаруу кызматы издөө иштерин токтотту. Бул тууралуу бүгүн, 10-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Ошондой эле Токтогул районунда 1-июль күнү саат 18:30дарда Жаңы-Жол айыл аймагынын Бала-Чычкан айылында 1978-жылы туулган эркек адам болжол менен Чычкан суусуна чөгүп кеткен. Маалыматка ылайык, издөө иштери бүгүн уланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
kalima88
2017-07-10 13:36:48
Ким болду экен? Менин айылымда бир эле майып бала бар эле.
0
kalima88
2017-07-10 13:46:06
Ошол бала экен. Оштон, Таш -Көмүрдөн суучулдар келип таба алышпай коюптур.Табылып калса экен эми.
0
kubatbek.k
2017-07-10 14:37:15
kalima 88,direktor aman agaidyn balasy dep uktum.
+1
kalima88
2017-07-10 16:56:43
kubatbek.k,ооба, ошол да. Көпүрөдөн кулаган экен, "жаш балдар көрүп куткарыша албай калышыптыр " деп атышат.
0
kubatbek.k
2017-07-10 14:53:10
emne ucnun toktotusnat.mcns,tuugandary ecn kacnan yraazycnylyk berbeit.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан