Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон жарлыкка ылайык, Уларбек Шаршеев Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-июлда президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
"Мамлекет башчынын буйругу менен Уларбек Шаршеев Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары - Башкы штабдын зардалы кызматынан бошотулду", - деп айтылат маалыматта.