Аида Салянованын иши боюнча соттук отурум 14-июлга жылдырылды

Бүгүн, 10-июлда депутат Аида Салянованын үстүнөн козголгон иш боюнча Ленин райондук сотунда күбө катары депутат Алмамбет Шыкмаматов суралмак.

Аида Салянованын жактоочусу жана күбө Шыкмаматовдун соттук отурумга келбегендигине байланыштуу, отурумду сот 14-июлга жылдырды.

Жактоочу Октябрь райондук сотунда башка отурумга катышып жаткандыгынан улам соттук отурумду башка күнгө жылдыруу өтүнүчү менен кат жибергени белгилүү болду.

"Шыкмаматов белгиленген убакытка келиши керек болчу, бирок келген жок, жактоочу да келбептир. Ал эми башка күбөлөр кийинки отурумдарга чакырылган. Ошондуктан жылдырууну колдойбуз", - деди прокурор. Сот тараптардын макулдугу менен жылдырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Leilektik
2017-07-10 15:07:57
Текебаев не болду ошондо билгендер барбы?соттосо соттободу же бошотподу биздин соттор тормоз болдуга!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан