Баткен облусунун Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагына караштуу Ала-Кыш айылында суу тартыштыгынан элдин ынтымагы кетип, бак-дарак куурап жатат деген маалымат чындыкка дал келбегенин бүгүн, 10-июлда SUPER.KG порталына район акими Жаныбек Исаков билдирди.
"Буга чейин маалыматта айтылгандай, Ала-Кыш айылында бак-дарак куурап, айылдын эли суу талашып ынтымак кеткен жок. Айыл аймак жетекчилиги кезек кезеги менен элге суу жеткирүүдө. Илгертеден калган суу аккан арык элдин короолорунда калып кеткен. Көптөн бери арык чабылбайт. Суу жетпей жатат деп Тилебалды Абдрахманов аттуу тургун кайрылгандан кийин жолдун чети менен лоток салып суу жеткирип берели дегенбиз. Бирок алар жол кичирейип кетет деп макул болбой койгон", - деп билдирди район акими Исаков.
Эске салсак, буга чейин Ала-Кыш айылында суу талашып айылдын ынтымагы кетип жатканы айтылган.