Араванда сел 4 үйдү жараксыз абалга алып келип, 5 унааны агызып кетти

Ош облусунун Араван районунда 9-июль күнү кечке жуук катуу жааган жаандын кесепетинен улам Кичи-Алай айылынын Торпу участогунда сел жүрүп, 4 үйдү суу каптап, үйлөрдү авариялык абалга жеткирди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, ошондой эле 800 метр ички чарбалык жолду, ички чарбалык көпүрөнү жана 4 электр мамычасын жараксыз абалга келтирген. Андан сырткары сел суусу 5 унааны агызып кеткен. Учурда ӨКМнын 34 кызматкери жана куткаруучулар кырсык болгон жерде иш алып барууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
didu
2017-07-10 18:19:55
кичалайда светофорлор качан койулган тоонун арасына
+3
Sharipa-asia
2017-07-10 18:31:58
Бул сүрөт Кичи-Алай эмес,мен Кичи-Алайдын кызы болом өзү!Сел жүрүп,байланыша албай жатам,свет жана телефондор өчкөн,связь болбойтат!Кудайга шүгүр жабыр тарткан эл жок деп уктум.Менин туулуп өскөн жерим,элим аман болушса экен! Кыргызстан аман болсо, алыста жүргөн бизге да тынчтык болот экен.
0
Yktyjar
2017-07-10 21:12:55
Торт уй эмес баарыле жараксыз абалга келди
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан