Аптаптуу жайда Бактыгүл Бадыева Анталияда эс алып келсе, Аскат Мусабеков кондиционердин жардамы менен коргонуп жатканын айтат

Жайдын ысык аптабында борбор калаанын тургундарынын көбү эс алууга чыгып, шаардын ызы-чуусунан алыс болууну каалашат эмеспи. Алардын катарын шоу-бизнестин атактуулары да толуктайт. Мындан улам атактуулардын жайкы эс алуусу кайда, кантип өтүп жатканына кызыгып көрдүк.

Ырчы Бактыгүл Бадыева жыл сайын жайкы эс алууну Түркиянын Анталия шаарында өткөрөрүн SUPER.KG порталына айтып, быйыл да ал салтты бузбаганын билдирди.

“Биз жыл сайын үй-бүлөбүз менен Түркиянын Анталия шаарында эс алабыз. Быйыл да жарым айдай ошол жакта жүрүп келдик. Мындан сырткары август айында Ысык-Көлгө барып эс алып келүүнү пландап жатабыз. Азыр эртеден-кечке жумушта болуп, сыртка көп чыкпагандыктан ысыктан кыйналган деле жокмун. Ал эми дем алыш күндөрү шаардын четиндеги дачага кетип калабыз”, - дейт ырчы.

Бактыгүл Бадыева үй-бүлөсү менен

Ырчы Аскат Мусабеков эс алууга койгон пландарын айтып, аны ишке ашырууга убакыт келбей жатканын кошумчалады.

“Быйыл жайкы эс алуумду айылдан өткөрөйүн деген планым бар. Негизи эле айылга барып, чөпкө жардам бергенден өткөн эс алуу жок. Эгер убакыт болуп калса, Ысык-Көлгө барып бир чумкуп алсам андан да жакшы болмок. Азыркы ысыктан кондиционердин жардамы менен коргонуп жатам”, - дейт ырчы күлүп.

Аскат Мусабеков

Ал эми ырчы Дайыр Исмадияров 10 күн Таиланддын Паттайя шаарында эс алып, өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына ал жактан түшкөн сүрөттөрү менен тынбай бөлүшүп жатса, жаш актёр Азамат Уланов казак актёру Тауекел Мусилим баш болгон чыгармачыл топ менен биргеликте Мальдив аралында эс алып жүргөн сүрөттөрүн жарыялады.

Дайыр Исмадияров

Азамат Уланов казак актёру Тауекел Мусилим баш болгон чыгармачыл топ менен

Андан сырткары атактуулардын көпчүлүгү Кыргыздын бермети болгон кереметтүү Ысык-Көлдө эс алышууда. Алар “Non-stop” дуэтинин ырчысы Чолпон Талипбекова, Кундуз Канатбек кызы, Асел Кадырбекова, Баястан, Айым Айылчиева, Алихан, Айдана Дека, Гүлжигит Калыков жана башкалар.

Чолпон Талипбекова

Кундуз Канатбек кызы


Асел Кадырбекова

Баястан

Айым Айылчиева

Алихан

Айдана Дека

Гүлжигит Калыков

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
Aidani
2017-07-10 17:36:42
Анжелика мактанбай калып кетиптир супердин бир барагын толтуруп чыкпаса экен бир куну, кудай сактасын.
+32
Izdeim_seni.
2017-07-10 17:42:18
Aidani,Анжеликадан оозунду тарт. Хи Хи
-20
Izdeim_seni.
2017-07-10 17:44:14
emne ele urchular bashtarun karmai berishken
+12
Buzainap
2017-07-12 16:38:42
Izdeim_seni.,канча акча кетет экен деп ойлоп жатса керек да.хи хи
0
asil-08
2017-07-10 18:06:32
Баястандын чачыгы кантет ону очуп кетиптир го
0
uli01
2017-07-10 18:09:36
асел кичине семирип калганго
+4
Seryi-Kardinal
2017-07-10 18:16:03
Айыманын саны жакты. Түптүз го
-6
Aidan88
2017-07-10 18:28:46
Es aluunar jakshy otsun ,aba yraiy da ysykpy Ysykkoldo, yrchylar jaikysyn Ysykkolgo barsa ,kysh kuz debei de jyluu jaktarda jurushot go,
+1
anash
2017-07-10 18:48:41
Ayimadan bashkasy baary ele butun kotorup patolok karasa kerek
+1
kechirmeni
2017-07-10 19:06:06
Созсуз жарым жыланач тушуш шартпы. Кичине аялдык абийир ар намысты сактайлычы
+14
birtanem
2017-07-10 19:49:00
kechirmeni,тологу менен кошулам.
+8
jbolotov
2017-07-10 20:18:22
Аскат Мусабеков азамат. Биздин жерди пропагандалаптыр. Озуда чыныгы Кыргыз жигитиндей, красавчик.
+7
Ananasky
2017-07-11 00:06:21
Асел кантет кырынан туруп корсотуптурго корсотчуу жерин , уят !уят.
+2
aibi8984
2017-07-11 23:03:50
Айдана деканын ХХХ
0
aibi8984
2017-07-11 23:18:19
aibi8984,же мага ошондой корундубу...супер инфо шек келтирбейле айттым, бул да шек болсо мени кечирип койгулаа...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан