Нарындын үч районунда сел жүрүп, 10 үйдү суу каптады

9-10-июлда Нарын облусунун үч районунда сел жүргөнүн, анын кесепетинен 10 үйдү суу каптаганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалым болгондой, сел Нарын, Жумгал, Ак-Талаа райондорунда жүргөн.

Нарын районунда саат 19:30 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен колоттордон агып түшкөн сел суулары Куланак айылынын Он-Сарай участкасында 3 турак жайдын короосун жана Терек-Суу участкасында 3 турак жайдын короосун каптаган.

Жумгал районунда саат 16:40 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен колоттордон агып түшкөн сел суулары Сары-Байтал жана Шилбили участкаларында айдоо аянттарындагы айыл-чарба өсүмдүктөрүн жана көп жылдык чөптөрүн каптаган.

Ак-Талаа районунда 10-июль күнү саат 2:40 чамасында Үгүт айылында катуу нөшөрлүү жамгырдан кесепетинен кыян суулары, айылдын сел өткөрүүчү каналына батпай, Акматов көчөсүндөгү 4 турак жайдын короолоруна сел суулары кирген.

Атайын түзүлгөн комиссия жана куткаруу кызматтары тарабынан селдин кесепеттерин жоюу боюнча тийиштүү аракеттер көрүлүп жатканы кабарланды. Сел суулары адам өмүрүнө зыян тийгизген эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
legion-arbat
2017-07-10 22:24:09
Ээ Ак-Талаанын Баетов айылындада уйлорду суу каптады тунку саат 3:30 кочодогулор чогулуп алып дамбадан ашкан сууну чон сайга салып койдук
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан