Ош шаарынын мэри ишке ашырылып жаткан курулуштардын абалын көрдү

Бүгүн, 10-июлда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев шаардагы курулуп жаткан ири төрт долбоордун курулуштардын абалын көрдү. Алар Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги Сай-Бою көчөсүнүн айланасында Футбол академиясы, бокс жана оор атлетика мектеп-интернаты, вело жол, эки көчөнү бириктирүүчү көпүрөнүн курулушу.

“Долбоордо каралган Сай-Бою жана Тилеке Баатыр көчөлөрүн бириктирген көпүрөнүн узундугу 45 метр, унаа жүрүүчү бөлүк 7 метр, туурасы 15 метр. Ал эми Футбол академиясы 80 балага, бокс жана оор атлетика мектеп-интернаты 50 балага ылайыкташтырылган.

Ошондой эле Сай-Бою көчөсү аркылуу Б.Нурматов көчөсүнөн А.Навои паркынын тушундагы Ы.Монуев көчөсүнө чейин 2,3 чакырым вело жол жана Сай-Бою көчөсүнөн спорт комитетинин алды менен Ленин көчөсүнө чыгуучу 350 метр жолдун курулушу аяктоонун алдында турат. Учурда долбоорлордун акыркы курулуш жумуштары кызуу жүрүп жатат. Жакынкы күндөрдө шаардыктарга жана шаарыбыздын меймандарына пайдаланууга беребиз. Көп өтпөй Ак-Буура дарыясынын ортосуна көргөзмө аянтчасынын курулушу да башталат”, - деди шаар мэри.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
AzKumFerDan
2017-07-10 18:55:13
Админ түшүнбөдүм Ак буура дарыясынын ортосуна көргөзмө аянтчасынын курулушу.депсиздер ошондо Акбуура суусунун ортосуна курулабы же кандай?
+1
Tailgate
2017-07-10 23:40:34
AzKumFerDan, ооба эки копуронун ортосуна курулат ак буура дарыясынын ортосунда болот.
0
Ali_Bolotbek
2017-07-11 08:54:53
Килем көрүнбөйт го)))
0
Lintel
2017-07-11 10:07:53
Ali_Bolotbek, Килемди ачылыш аземинде коюлат бул жерде жон эле тектерип жургон убагы.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан