Индиянын тургуну жубайын түшкү тамакты кечиктиргени үчүн атып салды

Индиянын тургуну өз жубайын түшкү тамакты кечиктиргени үчүн атып салды. Бул тууралуу Индиянын полиция кызматкери Рупеш Сингх жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирген.

“Индиянын 60 жаштагы жараны Кумар күн сайын спирт ичимдиктерин иччү. Өткөн ишемби күнү да мас болуп келип, 55 жаштагы Сунайна аттуу жубайынан түшкү тамак берүүсүн талап кылган. Ал тамак жасап бүткөнчө чыдабаган Кумар ачууланып жубайына ок чыгарган. Аялды "Тез жардам" кызматы алып кеткен, бирок ал ооруканага жетпей каза болгон”, - деген ал.

Маалыматтарга ылайык, Индияда аялдардын кордук көргөн учуру өтө көп кездешет. Мисалы, 2015-жылдын жыйынтыгы боюнча аялдарга кол көтөрүү фактысы ар бир 4 мүнөттө катталып турганы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
ayjan_90
2017-07-10 19:37:00
Ой колун сынгырлар
0
aidar.5115
2017-07-10 19:41:08
Иччу эмес. Ишчу болот. Ушу чон эле сайт туура жазсанар.
-33
birtanem
2017-07-10 19:43:38
aidar.5115, кыйраттын сен. Ишчу деп.
+14
ilgis1991
2017-07-10 19:47:26
birtanem,арак иччу деп айтылат туура.ишчу болбойт.....арак ишеби же ичеби?
+21
m.a.d.e_i.n_m.a.m.a
2017-07-10 19:58:16
aidar.5115,иччү деп эле жазылат. Айттылган ш болуп айтылат. Түгөйлүү тамгалар деген бар го
+12
Izdeim_seni.
2017-07-10 21:13:38
aidar.5115,Чон эле киши экенсин. Кыргызча уйронсон биринчи. Эне тилин го
+8
kechirmeni
2017-07-10 21:17:04
aidar.5115,сен озун ише бер
+11
Truelensk
2017-07-11 14:25:19
aidar.5115,ахаххаааха
0
almanbetperm
2017-07-10 20:08:14
Эркек экенсинго ))))))))))
-11
briliant87
2017-07-10 20:20:03
almanbetperm,сенда эркек экенсин
+6
kychan.98
2017-07-10 20:44:57
Катынды ушундай кармаш керек
-15
Izdeim_seni.
2017-07-10 21:11:18
kychan.98,коробуз. Накта ушинтип суйлогондордун мурдуна кантип чулук салынганын билбей каласынар.

+8
Djal1987
2017-07-11 22:11:10
kychan.98,апанды ошентип кармай берсин атан.
+1
malika14
2017-07-10 21:29:54
Аялдарга Алсыз Эркек Кол Которот.
+6
haydarkan
2017-07-10 21:49:01
ХХХ экенгоо ал. Биз тамак болсо жеп болбосо жатып ала беребизгоо. Биз эле тузук окшойбууз))
-1
Nurkyz1977
2017-07-10 22:34:52
Кыргыз мышык десе,казак мысык дептир ошонтип экоо талаша кетет,анан кыргыз мышыкты кошка дейби, же коска дейби эй казак мысык эмес,мышык деп айткан экен. Жогорудагылар да аябай талкуу кылыпсынар.
+1
gitaris93
2017-07-11 00:18:04
Эмне ачка олуп баратыптырбы келесоо го кыпкызыл.
+1
Taalaibek.
2017-07-11 05:21:21
Мына сага тартип.
0
admin_superstan
2017-07-11 10:31:21
Revolyutsiya2, bek.94, кимдир бирөөнүн жеке жашоосуна аралашып, анын намысына шек келтирүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан