Акын, драматург, журналист, саясий ишмер Эгемберди Эрматовдун көзү тирүү болгондо 66 жашка толмок. Ал 1951-жылы 10-июлда Кадамжай районундагы Пум айылында туулган.
Москвадагы М.Горький атындагы Адабият институтун бүтүргөн. Эгемберди Эрматов 2003-жылы Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, 2010-жылы Кыргыз Эл акыны наамдарын алган.
Ал 2010-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болгон. 2013-жылдан 2016-жылдын аягына чейин КРнын президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы болуп эмгектенген. 2017-жылдын январь айында оорудан улам каза болгон.
10-июлга карата жылнаама.