Интерпол издөөгө алган Кытай жараны Кыргыз жеринен колго түштү

Интерпол издөөгө алган Кытай жараны Кыргыз жеринен колго түштү. ИИМдин маалымат кызматынан билдиришкендей, 28 жаштагы Д.З. аттуу Кытай жараны 9-июлда Бишкек шаарынын аймагында жүргүзүлгөн атайын рейд учурунда кармалды. Ал Казакстанда мыйзамсыз миграция агымын уюштурду деген негизде изделип жаткан.

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, ал Казакстанда Кытай жарандарына иштөөгө уруксат берүүчү, туруктуу жашаган жери жана башка жасалма документтерди жасап жүргөн. Кытай жараны кармалган учурда өздүк документтери жасалма экендиги аныкталып жана көрсөткөн паспортунун жеке номуру башка адамга таандык болуп чыккан.
Д.З. Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына камалып, аны Казакстанга өткөрүп берүү жолу чечилүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
jbolotov
2017-07-10 21:42:35
Бул билингени, билинбей канчалаганы кыргыз элин билинбей басып атышат. Кыргыз кыздарын алып уй алышып анан менин жерим деп чыгышат.
+8
Yktyjar
2017-07-10 22:09:54
Бир жыл турмодо отуруп анан соодалашып чыгып кетет. Соодалашуу боюнча биздин бийликтегилер биринчи орунда болсо керек.ошон учун кыргызстанга келди да.
+3
BekAmir
2017-07-10 22:11:42
Кытайлар паспорт алып жатышат
+5
Nurin
2017-07-11 00:38:07
М
0
aika2013
2017-07-11 00:39:38
Китай отуп кетип атканда таможниктер мнени карап отурушкан экен! Таможниктер баякы эле байкуш элди кармашты билет! Туштуктон озбекстан тажикстандан келип акчага гражданство сатыпалып жатышат Булар барып барып жерибизди да сатып атышат! Биздин саясатчыларга акча бийлик креслодо отуруп алып чон суйлоп керсейгенди Гана билишет
+3
tular
2017-07-11 04:21:02
Ал кытайды ХХХ. Билинбей калат эле...
+1
admin_superstan
2017-07-11 09:43:03
tular, провокацияга жол жок. Эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан