ЖЫЛНААМА, 11-июль: Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Курманбек Дыйканбаев 57 жашка толду

V чакырылыштагы “Республика” фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Курманбек Дыйканбаев 1960-жылы 11-июлда Ысык-Көл облусуна караштуу Түп айылында туулган.

Ал 1986-жылы ветеринардык медицина боюнча Витебск мамлекеттик академиясын, 2004-жылы Кыргыз Республикасынын президентине караштуу башкаруу академиясын жана аспирантурасын бүтүргөн.

1986-жылы Ысык-Көл облусунун Түп районундагы СССРдин 50 жылдыгы атындагы колхоздун улук ветеринар врачы болуп иштөө менен эмгек жолун баштаган.

Ал 1987-1992-жылдары аталган райондун Фрунзе атындагы колхозунун улук ветеринар врачы, 1992-1993-жылдары райондун СССРдин 50 жылдыгы атындагы колхоздун төрагасынын орун басары болуп иштеген. 1993-1994-жылдары Бишкек шаарындагы дыйканчылык өнөр жай колхозунун директору болгон. Ал эми 1994-1995-жылдары Түп районунун Фрунзе атындагы колхоздун төрагасы, 1995-1997-жылдары Ысык-Көл облусунун Кутургу айылында "Алдаяр" айыл чарба кооперативинин төрагасы, 1996-1997-жылдары Ысык-Көл облусунун Түп районунун Кутургу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп эмгектенген. 1997-1998-жылдары Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын ассоциациясынын жетектөөчү адиси болсо, 1998-2001-жылдар аралыгында БУУнун Өнүгүү программасынын "Децентрализация" долбоорунун эксперти болуп иштеген. 1998-2002-жылдары Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жамааттар конгрессинин аппарат башчысы, 2002-жылы – Кыргыз Республикасынын айылдарынын жана поселокторунун жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдар ассоциациясынын төрагасы, 2009-2010-жылдары Чүй облустук мамлекеттик администрациясынын уюштуруу иштери жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу бөлүмүнүн башчысы болгон.

2010-жылы "Республика" партиясынын тизмеси аркылуу Жогорку Кеңешинин V чакырылыштагы депутаты болуп шайланган.

11-июлга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан