Кыргыз жери туристтердин салымына татыктуу 10 өлкөнүн катарына кирди

Белгилүү илимий National Geographic журналы дүйнөдө туристтердин көңүлүнө, убакытына, салымына татыктуу 10 өлкөнүн ичине Кыргыз жерин да киргизди.

Макаланын автору зордук тууралуу жаңылыктар көп болгондуктан дүйнө кооптуу сезилгени менен, маалыматтардын бардыгы чындыкка дал келе бербестигин кошумчалаган. Ошондой эле ал Түндүк Европадагы жана Азиядагы көнгөн жерлерден тышкары дагы унутулгус эс алууну тартуулоочу өлкөлөр бар экенин, ал 10 өлкө туристтердин салымына муктаж болгонун жазган.

"Сапар алдында жергиликтүү жаңылыктарды окуп коопсуздук чараларын көрүү керек. Бул 10 багыт саякатчылардын көңүлүнө, убакытына, ошондой эле каражатына татыктуу", - делет макалада.

Кыргыз жеринен тышкары ондукка Лесото, Египет, Монголия, Түркия, Филиппин, Гайана, Гаити, Арктика Аляскасы, Молдова кирген.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан