Ош облусунун Араван районунда сел токтобой, зыян алып келип жатканын окурман бүгүн, 11-июлда SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады.
"Мен Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Кичи-Алай айылынан болом. Бизди эки күндөн бери сел каптап, токтобой жатат. Албетте, эгиндерге, чөптөргө зыян келтирди, сарайларды уратып, үйлөргө да жетти. Адамдар уктабай, таңды чыдамсыздык менен күтүп калышты. Айылдан Ош шаарына 4 саатта жетебиз, жолдорду сел каптап, кеткенге шартыбыз жок", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.