Чехияда унаада бара жаткан кыздар түз эфир маалында жол кырсыгына кабылды

Чехиялык эки кыз унаада социалдык тармактардын биринде түз эфир аркылуу өздөрүн видеодон чагылдырып бара жатып, жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн маалымат каражаттары 10-июлда жарыялады.

"Видеодо кыздардын бирөөсү унааны жогорку ылдамдыкта башкарып баратканы, жанындагы жүргүнчү кыз телефон аркылуу түз эфирде тааныштары менен сүйлөшүп бараткан көңүлдүү маанайлары тартылган. Бир аз убакыттан соң айдоочу рулду башкара албай калып, алардын жол кырсыгына кабылганын байкоого болот", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле окуя боюнча унаа саатына 120 чакырым ылдамдыкта келип, жолдун четиндеги тосмо дубалды сүзгөнү, жүргүнчү кыз ошол жерден каза болуп, айдоочу ооруканага жеткирилгендиги белгилүү болду.

Эскерте кетсек, өткөн жумада да Украиналык эки кыз унаада баратып түз эфир маалында жол кырсыгынан каза болушкан эле.

Чехияда кыздар түз эфир маалында жол кырсыгына кабылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
CEO
2017-07-11 12:51:58
Туз эфир деп жазбай, интернетте байланышып суйлошуп жатканда деп жазсанар болбойбу?!! Силердин эч ким тушунбогон стилистиканардын айынан кабарларга тушунбой калып жатабыз! Туз эфир деп маеги телеканал, радиодон окурмандарга туз жеткирилгенди айтат!
-1
Englishman
2017-07-11 13:42:26
CEO, соцтармактарда түз эфирге чыгуу дегенден кабарыңар барбы? Ошол жөнүндө сөз болуп жатат. Билип-билбей эле "сайыла" берет экенсиңер.
+3
CEO
2017-07-11 15:33:04
Englishman, сен озу биринчи "ЭФИР" деген созго тушунуп ал. Эфир деп массалык маалымат каражаттарында колдонулат! Соц.тармактарда туз эфир деп айтат бекен, далилде же калп айтканынды мойнуна ал!!!
0
Englishman
2017-07-11 15:50:03
CEO, эми инстаграм, фейсбукту ж.б. билбесеңер мен күнөөлүү эмесмин да.
0
CEO
2017-07-11 16:27:43
Englishman, туз эфир дегени туура эмес, ал жерде балээ деп жазылса да. Биринчи эфир, туз эфир деген эмнени тушундурот сурап же интернетти чукулап билчи, коммент жазаардан мурун... Бул видеодо кыздар ватсап же имо же ошого окшогон нерсе болуп, бул эч кандай эфир же туз эфир болуп эсептелбейт!!!
0
Hadyja
2017-07-11 18:51:28
CEO,чиркин супер инфодон очунор бардай эле жазыпсыз.
Кобунчо критикага алат экенсиз,дееги жашоонузда баары жайындабы?Супер,геону коноко чакырсанарчы,интертнет аркылуу болгон туз эфиринерге!!!!
0
CEO
2017-07-11 21:05:40
Hadyja, карындашым, сен биринчи туура окуганды уйрончу...
0
CEO
2017-07-11 12:54:15
Ошол учун акырын айдаш керек унааны, опкону колго колтуктабай!!! Унаа айдаганда алаксыбай жолду карап айдаш керек!!! Болбосо кырсыкты оздору чакырат ушундай болуп...
0
bond02
2017-07-11 13:28:49
Оздорунон корушсун эми.
0
rejepova
2017-07-11 13:54:20
Биздин жылдыздарда ушундай жоруктарын азайтса болот эле.айрыкча Анжелика айым кыздарын салып туз эфирге чыгат.
+4
upol92
2017-07-11 15:42:23
Бул да шайтандын иши олжондошуп кечке ок лайфта отурушат. Эмнесин корсотот тушунбойсун
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан