Тоң районунда 2017-жылдын 10-июлунда саат 21:00 чамасында Балыкчы-Каракол унаа жолунун 101-чакырымында Мерседес бенц үлгүсүндөгү (S 89-38 М) унаа менен Вито Минивен (S 16-67 И) үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөнүн бүгүн, 11-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Вито Минивен унаасынын ичинде жалпысынан 12 адам болгон, ал эми Мерседес бенц унаасында 2 адам. Жол кырсыгынын кесепетинен 1 адам каза болуп, 13 адам жабыркап, райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган", - делет маалыматта.
Кырсык болгон жерге №38-өрт-куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу барып, жаракат алган адамдарды унаалардан чыгарып, "Тез жардам" кызматына өткөрүшкөн.