Ички дүң продукциянын көлөмү 6 айдын ичинде 194 миллиард сомду түздү

Ички дүң продукциянын көлөмү ушул жылдын 6 ай аралыгында 194 миллиард сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6,4 пайызга жогорулады. Мындай маалыматты Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Азамат Орозбаев бүгүнкү маалымат жыйынында айтты.

Анын пикиринде, "Кумтөр" кен казуу ишканаларын эсепке албаганда ички дүң продукциянын көлөмү 173 миллиард сомго жетип, 3,1 пайызга өстү.

Ал эми өнөр жай продукцияларынын көлөмү ушул жылдын январь-июнь айларынын аралыгында 105 миллиард сомго жакын каражатты түзүп, мурунку жылга салыштырмалуу 31,6 пайызга өскөн. "Өнөр жай өндүрүүнүн көлөмүнүн өсүүсү негизги металлдарды өндүрүүнүн жогорулоосу менен камсыздалды", - деди Орозбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан