Түштүк Кореянын мурунку президенти Пак Кын Хе 10-июлдагы соттук отурумга катыша алган эмес. Буга анын бутун кокустатып алганы себеп болгон. Бул тууралуу жеригиликтүү басылмалар жазышууда.
Мурунку президент психикалык жактан жабыркады деген сөздөр айтыла баштаган. Бул боюнча жактоочу Шин Доң Уг : "Чын эле психикалык жактан жабыркагандагы белгилер байкалып жатат. Мисалы, кечки тамак ичкенден жарым саат өткөндөн кийин эле Пак "кечки тамак качан берилет?" деп сурап калат. Бир нече жолу өзү менен өзү сүйлөшүп жатканы да байкалды. Айрым даталарды, туугандарынын аты-жөнүн эстей албай калууда", - деп билдирген.
Эске салсак, Пак Кын Хенин айланасындагы жаңжал анын жакын курбусу Цой Сун Силь "мамлекеттин ишине кийлигишти" деп кармалгандан кийин тутанып, Пак Кын Хенин отставкасы талап кылынган. Өлкөнүн Конституциялык соту март айынын башында Пак Кын Хеге 2016-жылдын декабрында парламент тарабынан жарыяланган импичментти кабыл алган. Муну менен ал президенттик кызматтан кеткен.