Жеңил атлетика боюнча Дүйнө чемпиондугуна Кыргыз өлкөсүнөн 4 спортчу катышат

Улуу Британиянын Лондон шаарында 5-13-август аралыгында өтө турган жеңил атлетика боюнча Дүйнө чемпиондугуна Кыргыз өлкөсүнөн 4 атлет катышат. Бул тууралуу жеңил атлетика федерациясынан маалымдашат.

Дүйнө чемпиондугуна Кыргыз өлкөсүнөн Дарья Маслова, Юлия Андреева, Виктория Полюдина жана Мусулман Жоламанов катышары белгилүү болду.

Дарья Маслова 5 миң жана 10 миң метр аралыктар боюнча жарышка түшөт. Юлия Андреева менен Виктория Полюдина 42 миң 195 метрлик марафондо күч сынашат. Мусулман Жоламанов 800 метр аралык мелдешке аттанат.

Эске салсак, Дарья Маслова Индияда өткөн Азия чемпиондугунда 5 миң жана 10 миң метр аралыкка жарышып, 2 алтын медалдын ээси болгон.

Дарья Маслованын Азия чемпиондугундагы жеңиши
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Adil706070
2017-07-11 11:06:15
мусулман
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан