Селден кийинки Араван (фото)

Араван районунун Керме-Тоо айыл аймагында, Кичи-Алай айылынын Кызыл-Шоро участкасында 8-9-июль күндөрү күндүн катуу ысыгандыгына байланыштуу мөңгүлөрдөн эрип түшкөн суулар турак жайларга, короолорго кирип, кышкы тоюттарды, кампаны агызып, мал сарайларды, спорттук аянтчаны, эгилген эгиндерди жараксыз абалга алып келди.

Андан сырткары сел агындылары 2 жеңил (Нива жана Жигули) жана 2 жүк ташуучу унааны (ГАЗ-53 жана ЗИЛ) каптап калган. Ошондой эле селдин кесепетинен 1 даана ТП-63 электр чордону, 2 даана электр мамычалары жараксыз болуп, 200 метр электр чубалгылары үзүлүп, айыл электр энергиясыз калган. Узундугу 5, туурасы 3,5-4 метр ички чарбалык көпүрө да жараксыз абалда, жолдордун 300 метр аралыгын таш аралаш ылай басып, тосулуп калган.

Учурда каттамды калыбына келтирүү, сел калдыктарынан тазалоо иштери жүрүп жатканын кабарлайт Өзгөчө кырдаалдар министрлиги.

Аравандагы сел
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
RusMos76
2017-07-11 13:28:02
Жаман болуптур го кудай сактасын!
+2
Yktyjar
2017-07-11 13:50:39
Урматтуу супер сиздер биринчи толук маалымат билип анан жазгылачы. Монгулор ээрип деп жазыпсынар. Каттуу жааган жамгырдан улам болду бул сел мен кичик алайда элемго. Калп айтпагылачы.каяктагы монгуну айтыр
+3
CAAT
2017-07-11 14:04:00
Yktyjar,монгу бар беле озу? Мен да тан калып аткам кайдагы монгулор деп суротто да жокго монгу.
0
Aki-meki
2017-07-11 14:49:09
Yktyjar, суу мөңгүдөн келет да, тооба...
0
Yktyjar
2017-07-11 15:21:00
Aki-meki,жамгыр ото каттуу жаады тууган. Ошодон улам сел келди
0
AzKumFerDan
2017-07-11 16:17:02
Оштогу араванбы
0
arap00
2017-07-11 17:20:57
AzKumFerDan, Бишкектеги))
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан