ЖЫЛНААМА, 11-ИЮЛЬ: Кыргыз өлкөсүнүн футбол боюнча улуттук курама командасынын дарбазачысы Павел Матяш 30 жашка толду

Кыргыз өлкөсүнүн футбол боюнча улуттук курама командасынын дарбазачысы Павел Матяш 1987-жылы 11-июль күнү төрөлгөн.

Павел Матяш карьерасын 2006-жылы Бишкектик "Дордой" футболдук клубунан баштаган. Ал 6 ирет Кыргыз өлкөсүнүн чемпиону (2007, 2008, 2009, 2010, 2011, 2012), 3 ирет Кыргыз өлкөсүнүн кубогунун жеңүүчүсү (2008, 2010, 2012), 3 ирет Кыргыз өлкөсүнүн Суперкубогун жеңүүчүсү (2012, 2013, 2014), 2 ирет Азия футболдук конфедерациясынын президенттик кубогунун жеңүүчүсү (2006,2007) жана 2 ирет Кыргыз өлкөсүнүн чемпиондугунун мыкты дарбазачысы (2011, 2013) болгон.

2015-жылы канттык "Абдыш-Ата" жана бишкектик "Алга" клубдарында ойногон.

Ошол эле 2015-жылы Мальдив аралдарынын "Maziya Sports Club" клубуна өтүп, азыркы убакытка чейин ойноп келет. "Maziya Sports Club" клубу менен 2015-жылы Мальдив аралдарынын кубогунун жеңүүчүсү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан