Бишкекте өтүп жаткан “Супер-Инфо” гезитинин "Суперфутбол-2013" мелдеши кызуусунда. Командаларды колдоп-коштогондор да күндүн ысыгына карабай оюнга күбө болушууда. Учурда уюштуруучулар тарабынан көрүүчүлөргө бекер сэндвич жана муздак суу таратылууда. Эскерте кетсек, эртең, 19-майда мелдештин финалдык оюндары өтөт.