ЭЛДИК КАБАР: Орусиянын Якутск шаарында 4-июлдан бери дайынсыз болуп жаткан Кыргыз жараны изделүүдө

Орусиянын Якутск шаарында 4-июлдан бери дайынсыз болуп жаткан Кыргыз жараны изделүүдө. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу бүгүн, 11-июлда билдирди.

"1985-жылы 7-июлда туулган Кыдыргычев Адилет Капарович изделип жатат. Ал үйүнөн үстүбүздөгү жылдын 4-июлунда саат 20:30да унаа сатып алуу үчүн чыгып кеткен бойдон дайынсыз. Уюлдук телефону өчүк болуп жатат. Күбөлөрдүн айтымында, Алдан шаарын көздөй мамлекеттик номери Кыргыз өлкөсүнө таандык, 2010-жылы чыккан кара түстөгү Тойота Камри унаасы менен бет алган", - деген окурман.

Маалыматка ылайык, ал "Аргентина" деген жазуусу бар ак футболка, көк чолок шым, кара шлёпка кийип жүргөн. Жанында кара булгаары капчыгы бар болгон.

"Якутск шаарынан издеп таппай жатышат. Мүмкүн Кыргыз өлкөсүнө чыгып кеткендир. Тиешелүү органдарга кайрылышты, жыйынтык чыкпай жатат. Кыргыз таксисттер да жардамдашып жатышат", - деп кошумчалады окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
balykchy2012
2017-07-11 18:50:11
Аман Эсен дайыны билинип табылып калсын.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан