Англиянын белгилүү “Манчестер Юнайтед” футболдук клубу “Эвертондон” Ромелу Лукакуну сатып алды. Бул тууралуу аталган футболдук клубдун расмий сайты билдирет.
Маалыматка караганда, “Манчестер Юнайтед” менен “Эвертон” клубдарынын ортосундагы келишим 90 миллион фунтка (117 миллион евро) бааланат. Анын ичинен 75 миллион фунт (97,5 миллион евро) Ромелу Лукаку үчүн негизги төлөм, 15 миллион фунт (19,5 миллион евро) бонус катары төлөнөт жана Уэйн Руни “Эвертонго” бекер берилүүдө. “Манчестер Юнайтед” 24 жаштагы Ромелу Лукаку менен келишимди 5 жылга түздү.
Маалымдай кетсек, Ромелу Лукаку 2016-2017-сезондо “Эвертон” менен 39 оюнга катышып 26 гол киргизгенге үлгүргөн.