Күбө Шыкмаматов унааларды сатып алуу боюнча тендерге катышпаганын айтты

Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурумда тендердик комиссиянын мүчөсү Төлөгөн Чормонов сотко көрсөтмө берүүдө.

Прокурор Чормоновдон комиссиянын 5 унааны сатып алуу боюнча протоколуна Шыкмаматов кол койгон-койбогонун жана анын унааларды сатып алууга катыштыгынын бары-жогун сурады. Чормонов бул суроолорго так жооп айта алган жок.

"Мен кандай болгонун так эстей албайм, бирок 5 унаа сатып алуу жана анын талаптары боюнча протокол чыгарылганын билем. Унааларды сатып алуу боюнча комиссиянын бардык мүчөлөрү протоколго кол коюп, мен акыркылардан болуп кол койгом. Ал эми буга Шыкмаматов аралашкан эмес", - деди Чормонов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан