Тышкы иштер министрлиги 18 бош орунга сынак жарыялады

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги 18 кызматтык бош орунга ачык сынак жарыялады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой англис, кытай, немис, корей, француз, фарс, түрк, өзбек тилдерин билген адистер талап кылынат. Документтер 17-июль күнү саат 17:00гө чейин кабыл алынат. Толук маалымат ТИМдин расмий сайтына жайгаштырылды.

Төмөнкү бош орундарга сынак жарыяланды.

1.Орусиядагы биринчи саясий департаментке атташе (англис тили);

2. Кытайдагы биринчи саясий департаментке атташе (кытай тили);

3. Чыгыш Европадагы экинчи саясий департаментке атташе (немис тили);

4. Үчүнчү саясий департаментке атташе (япон тили);

5. Төртүнчү саясий департаментке атташе (араб тили);

6. Мамлекеттик протоколдор департаментине атташе (англис тили);

7. Консулдук кызмат департаментинин консулдук саясат бөлүмүнө атташе (корей тили);

8. Консулдук кызмат департаментинин укуктук камсыздоо бөлүмүнө атташе (англис тили);

9. Консулдук кызмат департаментинин паспорт-виза бөлүмүнө атташе (немис тили);

10. Эл аралык-укуктук департаментинин ар тараптуу кызматташуу бөлүмүнө кеңешчи (англис тили);

11. Эл аралык-укуктук департаментинин ар тараптуу кызматташуу бөлүмүнө катчы (англис тили);

12. Эл аралык-укуктук департаментинин ар тараптуу кызматташуу бөлүмүнө атташе - 2 бош орун (англис тили жана кытай тили);

13. Документтерди электрондоштуруу боюнча департаментке мамлекеттик тил боюнча адис (англис тили тили);

14. Административдик жумуш боюнча адис - 2 бош орун (түрк тили жана француз тили);

15. ТИМдин Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарындагы өкүлчүлүгүнө атташе - 2 бош орун (фарс жана өзбек тили).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
kalima88
2017-07-11 16:27:29
Аа-иий, тилди билгендер,барсаңарчы...
+1
talant87
2017-07-11 16:32:09
тилди билем докментим жок окуу канчалык керек экенин билгенде окуйт элем 4 жыл болду окууга тапшырганыма
0
Targarien
2017-07-12 02:42:01
Сайты барбы шилтеме жокпу онлайн кайрылса болобу Айлыгы канча экен?
0
gordaya
2017-07-12 15:43:32
Targarien, mkk.gov.kg болуш керек,
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан