Бишкектик “Дордой” футболдук клубу Германиянын “Боруссия Менхенгладбах” клубунун жарым коргоочусу Александр Мищенко менен келишим түздү. Бул тууралуу “Дордой” футболдук клубунан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, келишим 2018-жылдын аягына чейин түзүлгөн. “Дордой” футболдук клубу 19 жаштагы Александр Мищенкого 7-катар номерин ыйгарды.
Белгилей кетсек, Александр Мищенко Кыргыз өлкөсүнүн футбол боюнча жаштар курама командасынын оюнчуларынын катарына кирет.