Москвадагы өрттөн жабыркаган эки Кыргыз кыз жандандыруу бөлүмүнөн чыгарылды. Алар өрт учурунда иске ууланганы аныкталды. Бул тууралуу 11-июлда Кыргыздын Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Москва шаарындагы соода жана оюн-зоок борборунда чыккан өрттөн эки Кыргыз кызы жабыркаган. Алар 1989-жылы Лейлек районунда туулган Абдуллаева Рахатай жана ушул эле райондо туулган 1989-жылкы Нурбекова Таалайкан. Жабыркагандардын туугандары изделип жатканы кабарланган эле. Элчилик туугандары менен байланышка чыгышканын билдиришти.