Ошко Өзбекстандын колдоосу менен 630 окуучуга ылайыкталган мектеп курулат

Ош шаарына Өзбекстандын колдоосу менен салына турган мектептин курулуш иштерине даярдыктар жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 11-июлда аталган шаардын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Мэр Айтмамат Кадырбаев 10-июлда мектеп курула турган жерге барып, Өзбекстандын “Трест-12” компаниясынын өкүлдөрү менен жолукту.

“Мэрия шаардын борборунан 1 гектардан ашык жерди мектеп курууга бөлүп берди. Долбоорго ылайык, курулуштун жалпы аянты 3851 квадрат метрди түзөт. Бул мектептин курулушу келечекте эки элдин достугунун бекемделишине өбөлгө болот”, - деди мэр.

Долбоор боюнча, жаңы мектепте спорт зал жана жыйындар залы, кол эмгек сабагы өтүлүүчү бөлмө, медициналык пункт, ашкана, жайкы спорттук комплекс салынат. 630 окуучуга ылайыкталган мектеп 3 кабат болуп курулат.

Эске салсак, 19-июнда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде бул маселе каралган. Анда аталган мектепте билим берүү кыргыз тилинде жүргүзүлөрү айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
kgstan2014
2017-07-11 18:10:51
Мектептин курулушу жакшы кабар бирок менин оюмча Ош шаарына Өзбекстандын колдоосу менен эмес мээриянын колдоосу менен курулса жакшы болмок. Кыргызстандагы кайсы улут болбосун Кыргызстан озу кам корушу керек анткени алар биздин олконун жарандары

+15
nurik-95
2017-07-11 18:18:56
ишениш кыйын
+2
talant87
2017-07-11 18:33:15
негизи жакшы кабар бирок тартип окуу кыргызча болгону жакшы дагын 5-6 мектеп салса жакшы болмок
+4
BekAmir
2017-07-11 19:18:10
Кыргыз мектеп болсо каршы эмесмин
+7
KGstan1981
2017-07-11 19:58:59
BekAmir,Озбек тилдуу мектеп курулат экен.Озбекстан мамлекетинин президенти Шавкат Мирзиеев Кыргызстандагы этникалык озбектерге жардам катары куруп берип жатат.Ал эми биздин журт атабыз озуну ойлоп Кой-Ташта озуно хан сарай куруп алды.
+7
nemo2016
2017-07-11 19:30:21
Башка мамлекеттен колдоосуу мн болгондо жакшы болмок аттин ай
+6
yasin11
2017-07-11 20:07:11
nemo2016,кошулам созунузго
+2
barsbegKG
2017-07-11 20:15:03
Қырғыз тилинде болғону абдан жақшы. Бироқ бизде ии мына момундай болот деп эле аяғына чейин турбайт.
+2
jumaev0084
2017-07-11 20:48:02
Мектепти Ошко эмес Таласка же Нарынга салбаптрда
0
tkk
2017-07-11 21:34:10
Менин оюмча бул жерде башка саясат бар
+2
Jibek94
2017-07-12 06:39:36
tkk,оа болушу мумкун менинда оюма биринчи ошол келди
0
rusmaximus
2017-07-11 21:59:55
Эн туура казактар ошко курду озбектер тундукко курсун турарааак болот беле.
0
bekov01
2017-07-11 22:36:06
Озбекстан колдогон мектептин Ошко курулушу жакшы емес. Бул Ошко озбектер отурукташуусуна жакшы шарт тузот Ансыз дагы ал жакта озбектер абдан коп. Туугандар конок екенин унутуп чыр чыгарып жибермей адаты бар
+3
Aidani
2017-07-12 00:56:26
Биздин өкмөт өз жарандарына өзү курууга милтеттүү
+1
guku86
2017-07-12 02:29:42
руксат берилбеши керек менин жеке оюм бул мектеп салынбаш керек
+2
nuris_ali
2017-07-12 02:39:09
Мектептин да ар кимдин жардамдамы менен курабы, президентике талапкерлер кана кыйын болушса ушундай иштен баштасын корунгонго жалдырап,эртен чыгат биз курганбыз биздики деп
0
baltabaev
2017-07-12 10:48:53
Аттинанат
0
kyrgyzka7
2017-07-12 13:39:27
Олот экен дагы, и так озбектер коп болчу ((озбек мектептерди Жок кылып только кыргызча окутушса болмок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан