Германиялык "Бавария" футболдук клубу испаниялык "Реал Мадрид" клубунун оюнчусу Хамес Родригести ижарага алды. Бул тууралуу аталган футболдук клубдун расмий сайты билдирди.
Маалыматка ылайык, "Бавария" футболдук клубу 25 жаштагы Хамес Родригести "Реал Мадридден" 2 жылга ижарага алды. 2 жылдын ичинде "Бавария" клубу "Реал Мадридге" 15 миллион евро төлөйт.
Маалымдай кетсек, Хамес Родригес 2016-2017-сезондо 33 оюнга катышып 11 гол жараткан.