Депутат Шыкмаматовдун айдоочусу сот залында көрсөтмөсүн өзгөртүп "тергөөдө коркуп башкача көрсөтмө бергем" деди

Бүгүн, 11-июлда Биринчи Май райондук сотунда депутат Алмамбет Шыкмаматовдун үстүнөн козголгон ишти кароо учурунда сот залында күбө катары Шыкмаматов 2011-жылы Эсептөө палатасында аудитор болуп турган учурундагы айдоочусу Самат Шарипов көрсөтмө берди. Шарипов тергөөдө башкача көрсөтмө берген болсо, сот залында ал көрсөтмөсүн өзгөрткөнү белгилүү болду.

"2011-жылы Шыкмаматовдун айдоочусу болуп иштегем. Ошол учурда "Эсептөө палатасына унаалар сатылып алынып жатат" деген сөз болду. Ишемби жана жекшемби күндөрү мекеменин чарба иштери менен алектенген Беделбаев дегендин айтуусу боюнча унаа базардан аудиторлорго унаа карап чыктым. Анан бир машинаны тандап, ээсине Аламүдүн-1 жактагы бир фирмага унааны алып барып берүү керектигин айтып, ал айдап барган. Унааны 14 миң долларга баалашканбыз. Ал унаа Шыкмаматовго кызматтык унаа катары берилмек", - деди ал.

Депутат Шыкмаматов суроо берип жатып ага: "Сен тергөө маалында берген көрсөтмөңдө "Шыкмаматов унааны фирмага алып барып бер деди" деп айтыптырсың. Ушул чынбы?" - деп кайрылды.

Шарипов тергөөнүн айтуусу менен ушундай көрсөтмө берип алганын белгиледи. "Коркуп ушундай көрсөтмө бергем. Тергөөчүлөр "ушундай жазып коё бер" дешти эле коркконумдан жазып бергем", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
taku1414
2017-07-11 20:10:12
Соттор менен тергоочулорго ишеним калбады.
+3
Luna15
2017-07-12 05:15:55
башы корунгондун баарыле эки жуздуу,калпычы,бирин бири сатып аткан кудай озу карапайым элди сактасын
0
Maxatbek
2017-07-12 09:35:37
Роберт Де Ниро Кыргызстанда не кылып жүрөт?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан