Кечээ, 10-июлда Американын Миссисипи штатында аскердик учак кулап, 16 адам каза болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн маалымат булактары жарыялады.
"КС-130 "Hercules" үлгүсүндөгү аскер учагы Жексон штатынын түндүгүнөн 160 чакырым алыстыктагы талаага кулаган. Күбөлөрдүн айтымында, учак асмандан кыймылдаткыч тарабы түтөп, жерди көздөй чимирилип түшкөн.Учактын бортундагы аскерлердин жансыз денелерин окуя болгон аймактан 9 чакырымдай айланадан табышты. АКШнын деңиздеги жөө аскерлери корпусунун өкүлү Сара Бернс "аскерлерди алып бараткан учак техникалык мүчүлүштүктөрдүн айынан кырсыкка учурады" деп түшүндүрдү", - деп айтылат маалыматта.