Кадамжайда катуу жааган жамгырдан кийин сел жүрүп, эки көпүрөнү агызып кетти

Бүгүн, 11-июлда Баткен облусунун Кадамжай районунда мөндүр аралаш жааган жамгырдан кийин сел жүрдү. Сел Орозбеков айыл аймагында жайгашкан Учкун айылында Кара-Суу дарыясындагы эки көпүрөнү агызып кетти. Мындан сырткары ички унаа жолдоруна зыян келтирилди.

Ошондой эле көмөкчордон кулап, бир айылда электр жарыгы үзгүлтүккө учурады. Көтөрмө айыл аймагынан агып өтүүчү Ак-Суу дарыясынын деңгээли көтөрүлгөнү маалым болду. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар кабарлашты.

Кадамжайда сел жүрдү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
balykchy2012
2017-07-11 23:19:56
Аллахым өзүң сакта ушундай апааттарынан элими жерими.!
0
nurbekasr
2017-07-12 00:30:40
Абдан жаман болду сел келип.Көз алдыбызда заңгыраган бир үйдү сарай огороддору менен агызып кетти.Үйдүн ээси келин айылчылап кеткен экен,бечара келин келип үйүн таппай калса керек.Селдин видеолору бар эле кайда жүктөсөм.
0
admin_superstan
2017-07-12 10:21:49
nurbekasr, саламатсызбы? Порталга өзүңүз жүктөсөңүз болот, же болбосо 0557 473939 номерине whatsapp аркылуу жибериңиз.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан