Президент Алмазбек Атамбаев Миссисипиде аскердик учактын кыйрашынан улам адамдардын каза болгондугуна байланыштуу Америка Кошмо Штаттарынын президенти Дональд Трампка көңүл айтты. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү жарыялады.
“Миссисипиде аскердик учактын кыйрашынан улам адамдар каза тапкандыгы тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.Кыргыз элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен кайрат айткан сөздөрүбүздү жеткирип коюуңузду өтүнөм”, - деп белгиленет мамлекет башчысынын көңүл айткан телеграммасында.