Кара-Балта шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү ок атуучу курал менен кармалды

Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын жашоочусу ок атуучу курал менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-июлда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 32 жаштагы Ж.Р. аттуу тургун кармалып, текшерүү учурунда жанынан ок атуучу тапанча табылып, 1 даана ок алынган. Анда куралга тиешелүү эч кандай документтери жок болгондуктан соттук-баллистикалык экспертиза дайындалып, кармалган жаранга Кылмыш-жаза кодексинин 241-беренеси (ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

"Кармалган тургун уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турары аныкталган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан