Сауд Арабия бир күндө 6 адамды өлүм жазасына тартканын чет элдик ЖМКлар 11-июлда жазып чыкты. Алардын бири маңзат менен кармалып соттолгон болсо, бешөө адам өлтүрүү фактысы менен соттолушкан.
Маалыматтарга таянсак, ушул жылдын ичинде массалык өлүм жазасына тартуу фактысы катары менен катталган. Ал эми өлүм жазасына тартылгандардын саны жыл башынан бери 44кө жеткен болсо, алардын айрымдары өкмөткө каршы акцияларга катышып жазага тартылышкан.
Аталган өлкөдө оор кылмыш кылып соттолгондордун көпчүлүгүнүн башы кесилет. Айрым маалыматтарга караганда, 2016-жылы 153 адам өлүм жазасына тартылган.