21-июлда Ысык-Көл районуна караштуу Чоң-Сары-Ой айылында жайгашкан Курманжан датка атындагы көчмөн цивилизация борборунда "Алтай көчү" экспозициясы ачылат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз катчысы Марлен Соляной билдирди.
Анын айтымында, аталган экспозиция "Алтай цивилизациясы жана алтай тил тобуна тектеш элдер" эл аралык форумунун алкагында иштелип чыккан. Анда алтайлыктардын көчмөн жашоосун мүнөздөгөн буюмдар музейдин имаратынын ичине коюлат. Ошондой эле коноктор өлкөдөгү бир катар музейлердин мыкты экспонаттары менен тааныша алат.
"Иш-чарада 30 боз үйдө алтай элдеринин (кыргыз, казак, татар, башкыр, уйгур жана башкалар) жашоо образдарын чагылдырган жандуу музей жайгаштырылат. Конокторго үч күндүн ичинде Алтай цивилизациясынын өкүлдөрүнөн мастер-класстар, музыкалык жана бий номерлери коштогон маданий-этнографиялык программа көрсөтүлөт. Экспозиция 31-августта жабылат", - деди М.Соляной.