Арча-Бешик конушунун тургундары 2 айдан бери таза суу жок жашап келүүдө

Бишкек шаарындагы Арча-Бешик конушунда 2 айдан бери таза суу чыгып-чыкпай жатып, 1 айдан бери суу такыр чыкпай калган. Тургундар шаардык мэрия жана "Бишкексууканал" ишканасы тарабынан маселе тууралуу чечим чыга электигин айтып жатышат.

Маселе чечилбесе тургундар президент өткөн Чыңгыз Айматов атындагы кең көчөнү тосууга даяр экенин билдиришти.

“Бир айдан бери бизде суу жок. Май айынын аягында 3 күн суу чыгып кайрадан токтоп калды. Биздин конушта көп балалуу үй-бүлөлөр көп. Бир айдан бери бизге 3 суу ташыгыч унаа күнүгө, үч жолу суу алып келет. Бирок ал үчүн үйдө бирөө болуп, суу алганга жетишиш керек, кээде үйдө эч ким жок болуп калганда суусуз калабыз”, - дейт жергиликтүү тургун Шайымбү Рысбекова.

Жашоочулар "кошуна конушта суу шаркырап агып жатат жана алар жөн гана суу ичпей, бассейндерин толтуруп, эшиктин алдындагы жашыл чөптөрүн сугарышат”, - деп нааразы болушууда.

Мэрияга кайрылганда суу сентябрь айында берилет деп айтууда. Биз ага чейин ушинтип кыйналып жүрө беребизби? Бизге күнүгө эки саатка ачып койсо, биз ошол убакытта суу алганга жетишмекпиз. Мен түнкү саат 12ден таңкы саат 6га чейин жарым саат сайын туруп суу чыктыбы бекен деп текшерип турам”, - деди Марат Маматкадыр уулу.

Кызыгы конуштун тургундарына суу чыкпаса деле ай сайын төлөмгө квитанция келет. Квартал башчысы керектүү маалда маалым кат бербей коюшу мүмкүн деп чочулаган жашоочулар жок суу үчүн акы төлөгөнгө мажбур болуп жатышканын белгилешет.

Ар бир кишиге 22 сом 50 тыйындан төлөп келебиз. Суу чыкса дагы, чыкпаса дагы төлөп жатабыз. Мэрияга барып арызданган күнү сууну ачып берет, бирок кайрадан эле 3 күндөн кийин суусуз калабыз. Эми эмне кыларыбызды билбей жатабыз. +45 градус ысыкта суу жок жашаш бул “фашисттик” кыйноо деп эсептейм. Суу маселеси чечилбесе биз президенттин жолуп бууп салууга даярбыз", - дейт Жеңишбек Алиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан