Бишкекте 51 жаштагы тургун 2 килограмм марихуана менен кармалды

Бишкекте 51 жаштагы тургун 2 килограмм марихуана менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-июлда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Свердлов районунун 51 жаштагы М.Б. аттуу жашоочусу кармалган. Текшерүү учурунда скотч менен оролуп, баштыкка салынган марихуана табылган.

"Аталган факт боюнча кылмыш иши козголду. Кармалган тургун убактылуу кармоочу жайга киргизилип, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан