Нарын шаарында оор жүк ташуучу унаа кырсыкка кабылып, айдоочу каза болду

Нарын шаарында оор жүк ташуучу унаа кырсыкка кабылып, айдоочу каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 12-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, саат 07:20 чамасында Мусулманкулов көчөсүндө “Ак-Каз” ишканасына караштуу Мерседес үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Натыйжада жол кырсыгынан 1 адам (айдоочусу) каза болгон.

Жол кырсыгы катталган жерге куткаруучулар тартылып, каза болгон адамды унаадан чыгарышып, "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Seryi-Kardinal
2017-07-12 10:46:12
arakty azyraak satyw kerek owon u4un
0
mishonia8077
2017-07-13 02:42:31
Seryi-Kardinal,ажал улук
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан