Кадамжай районунда сел жүрүп турак үйлөр, көпүрөлөр зыян тартты

Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунда кечээ, 11-июлда жааган жамгырдын кесепетинен сел суулары агып, электр мамычалары, ички чарбалык арыктар, жолдор зыянга учурады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, селдин кесепетинен адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес. Орозбеков айылында 1 турак үйдү сел толугу менен бузуп кеткен. 4 турак үйдүн жер төлөсүнө сел суулары кирип, 6 турак үйдүн короолоруна сел калдыктары толгон. 3 ички чарбалык көпүрөнү сел агызып кеткен, 300 метр ички чарбалык жол, 500 метр ички чарбалык арыктар кум, шагылга толгон.

Андан сырткары Ош-Айдаркен унаа жолунун 135-чакырымындагы көпүрөнүн сол жээгин сел суулары жууп, жанындагы электр мамысы жыгылып, көпүрөнү басып калган. Ал эми Күлдү айылында 6 турак үйдүн жер төлөсүнө сел суулары кирип, 9 турак үйдүн короолоруна сел калдыктары толгон. 4 ички чарбалык көпүрөнү сел агызып кетип, 700 метр ички чарбалык жол, 1 чакырым ички чарбалык арыктар кум, шагылга толгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан